Көптөн күткөн телечагылдыргыч орнотулду

Сумбула айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылындагы телечагылдыргычтын имараты айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен кайрадан оңдолуп, башка жайга жылдырылды. Союз мезгилинен бери КТРКнын берүүлөрүн көрө албаган аталган айылдын Дейнөө участкасынын тургундары мүмкүнчүлүктөргө ээ болду.Айыл Өкмөтүнүн башчысы Анаркул Атамкуловдун айтымында айыл өкмөтүнүн бюджетинен 56 миң сом акча бөлүнүп, мурдагы телечагылдыргычтын имараты бийик тоонун чокусуна жылдырылып, жаңа аппаратуралар коюлуп, алыста жайгашкан 210 тургуну бар Дейнөө участкасынын тургундары КТРКны көрүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Даярдаган: Данияр Исакбаев