Сүлүктүгө Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри иш сапары менен келди

170

2019-жылдын 7-январь күнү Сүлүктү шаарына, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевич иш сапары менен келди.

Иш сапары учурунда Сүлүктүдөгү улгайган жарандардын күндүзгү борборундагы камкордукка алынган жарандар менен жолугушүп, “Бабушка Эдопшн” Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги филиалынын ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып кетти. Жолугушуу учурунда “Бабушка Эдопшн” Коомдук кайрымдуулук Фондунун Баткендеги филиалынын жетекчиси Алмаз Рахманов:

«Учурда “Бабушка Эдопшн” Коомдук кайрымдуулук Фондунун Баткендеги Филиалы тарабынан Баткен областындагы Баткен, Сүлүктү шаарларынан жана Лейлек районунан жалпы 301 адам жеке демөөрчүлөр тарабынан ай сайын 10 Евро өлчөмүндө акчалай жардам алып келет. Кайрымдуулук Фондунун алдында Баткен жана Сүлүктү шаарында карылардын 2 күндүзгү борбору иштеп жатат», — деп маалымат берди. «2019-жылдан баштап, Сүлүктү шаарындагы күндүзгү борборду өнүктүрүү багытында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында долбоор менен иш жүрүп жатат. Долбоорду “Бабушка Эдопшн” Коомдук Кайрымдуулук Фондунун Баткендеги филиалы иш жүзүнө ашырууда», — дейт Сүлүктү шаарынын социалдык иштер боюнча вице-мэри Марзия Сапаркулова. Министр Кочкоров Улукбек иш сапары менен болгон жолугушуу соңунда Сүлүктү шаардык мэриясынын жана «Бабушка Эдопшн Кайрымдуулук Фондун тыгыз иш жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары иштерине колдоо көрсөтөрүн билдирди.

Даярдаган: Айзада Эркинова