Ак- Талаалык окуучулар тил боюнча олимпиадада ийгилик жаратышты

Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылындагы Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинин 2 окуучусу республикалык олимпиадада алдыңкы орундарды камсыз кылышты.

Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Гүлзада Жоробекова: “ “Билимкана” коомдук фонду тарабынан окуучулар аралык олимпиада болуп өтүп, райондук жана облусттук турларда көп упай топтой алышып, республикалык турда да жакшы көрсөткүчтөргө ээ болушту. Жыйынтыгында, республикалык турда Адис кызы Нургүл 1-орунду, Бакыт кызы Айназик 2-орунду камсыз кылышып, ноутбук жана “ А6” үлгүсүндөгү уюлдук телефонго, медаль жана дипломго ээ болушту”, — деп билдирди.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан