Куу-Майданда жаңы жыл майрамдалды

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын Нышанов атындагы орто мектебинде жаңы жыл майрамдалды. Жаңы жылга бардык класстар катышты.

Жаңы жыл 0-класстан тарта 11-класска чейин майрамдалды. Жаңы жыл жомоктор, бий, ырлар, тамаша менен коштолду. Жаңы жыл ойдогудай жакшы деңгээлде болуп өттү.

Майрамды көрүүгө ата-энелер да келди. Майрам эки күн болду. Биринчи күнү 0-класстан 7-класска чейин болсо, экинчи күнү 8-класстан 11-класска чейин болду.

Майрамды уюштурган Айжамал Абдыкеримованын айтымында «Жаңы жыл жакшы деңгээлде болду. Окуучулар аябай жакшы даярданышкан. Кыргыз элимин жаңы жылы менен куттуктайм», — деп билдирди Абдыкеримова.

Окуучу Муслима Гафуржанованын айтымында, «Жаңы жыл мага аябай жагат, жаңы жылды аябай сонун өткөрдүк. Себеби бийледик, ырдадык, ойнодук»,- деп билдирди.

Даярдаган: Айжибек Насиркул кызы