17 жаштагы мектеп окуучусу айыл элин интернет менен камсыз кылып каражат табат

200

Суусамыр өрөөнүнүн тургуну, 10- класстын окуучусу Халил Ибрагим англис тилинде эркин сүйлөп, программаларды колдонуучуга ылайыктуу кылып жасоону өздөштүргөн. Учурда ал айылда ар бир үйгө интернет туташтырып, каражат табат. 

Бул ишмердүүлүгүнүн башталышына Суусамыр айылына ISOC уюму тарабынан келген “Коомдук интернет” долбоору себепкер болду.

-Техникага кызыгуу эмнеден башталды?

«Мен кичине кезимден бери компьютер турчу үйдө, ошго кызыгып баскылап, улам бузуп койгон учурларым да көп болду. Китептер да бар үйдө, техникалар тууралуу ошолорду да окуйм».

-Кантип интернетти туташтырып калдың?

«Мектептен келе жаткам, атам мага бир машинаны көрсөттү, булар интернет коюп жүрүшөт деп. Айыл өкмөтүнөн бизди сунуштап жана биз провайдерлер чакырганда окууга барып келдик, ал жактан теория жана практика жүзүндө үйрөтүштү».

-Жумуш оор эмеспи?

«Оор деле эмес, бирок сууктун айынан убакыт созулуп кетип жатат. Бир абонентти 3-4 сааттын ичинде коебуз негизи, бирок суук болгон үчүн көп убакытты талап кылып жатат».

-Интернет койгондон кийин кайра барып оңдошту кайдан үйрөндүң?

«Биринчи, аны коюп чыккандай эле, кайра башынан карап кайсы жерден бузулганын табабыз. Үйрөнүп алса оңой эле».

-Англис тилинде кантип эркин сүйлөгөндү үйрөндүң?

«Биринчиден, мугалимдер менен эң аз үйрөндүм. Апам мага орус тилин эң жакшы үйрөткөн, ошол сымал эле үйдөн эле үйрөндүм. Кинолорду көрүп, ырларды угуп, көчөдө туристтер кетип баратса, алар менен баарлашчымын. 10 жылдан ашык убакыттан бери англис тилин үйрөнүп келе жатам».

-Англис тилин жакшы үйрөнүү үчүн окуучуларга кеңешиң?

«Эң негизгиси, уялбай жана коркпош керек. Туура эмес сүйлөп алам дебеш керек. Жөнөкөй эле, телефонду англис тилге которуп дегендей».

-Өрөөндүк “Акыл Ордо” сынагында да биринчиликти алдың, эми финалга даярдык кандай болуп жатат?

«Даярданып жатам, көп китептерди үйүп алып жана интернеттеги булактар аркылуу даярданып жатам, адабият тармагынан даярданышым керек».

-Социалдык тармактарды колдоносуңбу?

«Инстаграмда көп деле отурбайм, бирок Reddit деген сайт бар ошону көп колдоном, ал жакта ар кандай темада талкуулар болот англис тилинде, одноклассникини колдонбогонума 5 жыл болду. Фейсбукту такыр эле колдонбойм».

-Келечекке пландарың кандай жана кайсы окуу жайда окуганды кыялданасың?

«Мен өзүм инженер программист болгум келет. Кыргызстанда ылайыктуу окуу жай көрө албай жатабыз, ошондуктан чет өлкөдөгү окуу жайларды карап жатам».

Маектешкен: Айтеңир Индусбекова