Төбөдөн баскан төө буурчак

518

Чын эле төө буурчактын азабы төбөдөн басып, Таластыктардын таман акы маңдай тери кайтпай, ыза болгондору да, ызырынгандары да четтен чыгат. Анан кантет, эрте жаздан кеч күзгө чейин  жакшылыктан үмүт этип, бири үй жайын оңдойм деп, бири уул үйлөп кыз берсем деп, дагы бири кредиттин жабам деп, ак эмгегим кайтса деген аздек үмүт менен  күзгө жетсе баягы үмүт акталбай, капа болгон карапайым дыйкандарга чыны убал. Азыр Таластык жумурай-журт дыйкан, демек региондун кабагы салыңкы…

Себептерин издеп көрсөк күнөөлүү киши жок. Баягы эл оозундагы “Чоңдор отуруп алган” – деген сөзгө деле тээк табылбайт  экен. Аны изилдеп, тактап, сурамжылоо жүргүзүп көрсөк:

Адилет Токторбаев -Талас областынын фасоль эскпортоо жеке менчик фирмасынын жетекчиси:

«Албетте, төө бурчактын баасынын түшүп кетиши ар дайым келе жаткан көйгөй. Төө буурчактын баасы бизден көз каранды эмес, бул чет өлкөлүк сатып алуучулардын буйрутмасынын негизинде болот. Эгерде биздин төө буурчакка талап чоң болсо, баа да жогору болот. Негизги себептердин бири деп доллардын куну эки эсе көтөрүлүп кетиши болуп жатат жана дүйнөлүк рыноктун товарга болгон талабы».

-Элдин арасындагы бийлик өкүлдөр «доляга» олтуруп жатат деген сөздүн чындыгы канчалык?

«Андай сөз калп азыркы заманда эч бир ишкер доляга олтургузбайт тескерисинче өкмөттүн өкүлдөрү колунан келишинче жардамын берип жатат».

Ибрагим уулу Нургаазы, Талас облусунун агрардык секторунун өкүлү:

«Биз агрардык сектор болгондуктан, төө буурчактын баасы боюнча мен билбейм биз агрардык сектор өндүрүү жагын карайбыз, ошондуктан айта албайм. Негизинен 106 миң 147 га жерге айыл чарба продукциялары эгилип анын анын ичинде 57000 га жерге төө буурчак эгилген. Бүгүнкү күндө баардык эгиндер жыйналып бүттү жана түшүмдүүлүгү 18 центнерден айланып болжолдуу 100000 тоннага жакын төө буурчак жыйналды. 2018-жылдын январь айынан ушул жылдын октябрь айына чейин дүйнөнүн 22-мамлекетине 51000 миң тонна төө буурчак экспортко чыкты.

Бул сүрөттө (кызыл түс менен) 1999-жылдан 2016 жылга чейинки айыл чарба жерлерине Талас областы боюнча төө буурчактын  себилиши боюнча өсүшү.

Маселен 1999-жылы 5миң гана ГА жерге төө буурчак тигилсе 2012-жылы 53миң ГА жерге себилген өсүш 110 эсе.

КР Аймактарына тигилген Зернобобовый өсүмдуктөрү боюнча динамикалык өсүштүн таблицасы  

Курманалиев Муратбек — дыйкан:

«Төө буурчак бүгүнкү күндө мындай баа менен өзүн өзү актабай калды себеби мен төө буурчакты сееп айдоо боюнча эсептесем мындай чыгып жатат:

1ГА жерге

Соляркасы 15 литр 45 сомдон 45*15=675 сом

Айдаганы 1200 сом

Уругу 100 кг 50 сомдон 100*50=5000

Септиргени  10 л солярка =450 сом+ акысы 600 сом жалпы 950 сом

2-жолу тыттырганы 20л*45=800 солярка, акысы 1000 сом жалпы=1800

Дары дармек септиргени =3000

Отоо чопту чаптырганы 10 адам *700=7000

Суугаруу 5 жолу 1000 сомдон = 5000

Жер семиркичтер =5000 сом

Жулдуруу 10 адам 800 с=8000

Комбайынга салуу 3 адам 1500 сомдон=4500

Комбайын акысы  кампага жеткируу =6000 сом

Жалпы жыйынтык 48 миң 125 сом

1ГА дан орто эсеп менен 1,5 тонна алынса  42*1500кг=63000-48125 чыгаша болсо, ал эми таза киреше болгону 14875 сом калат экен. бул сумманы жаздан күзгө чейин 6 айга болсок 14875/6=2479сом дыйканга айына чыгат экен. Анан кантип ушундай суммага жашаса же той топур берсе болот?Мен мамлекеттик органдарга жана айыл чарба министирине кайрылат элем, дыйкандар менен түз иштешип жок дегенде дүйнөлүк бааны айтып турса же эскертип турса болмок? Өткөндө президентибиз Таласка келип төө буурчактын баасы ойдө болот деп айтыптыр, бирок баары тескери болуп жатат».

Эраев Эркин — дыйкан:

«Негизинен мен фасолду 15 жылдан ашуун убакыттан бери айдап жүрөм бирок азыркы убакытта айдоо таптакыр пайда болбой калды себеби бизге окшогон 1-2Га жери бар дыйкандарга фасольдон киреше алуу мүмкүн болбой калды. 10Га дан ашык жери бар, техникалары бар эле чоң дыйкандар пайда таппаса биздейлер пайда таппак түгүл карыз болуп чыгуудабыз эч ким фасольдун баасын айтышпайт. Жылдан жылга жерлерибиз арыктап почвабыз бузулуп жатат. Мен өзүм кредит алгам жана фасолдун баасы жок дегенде 55-60 сомдон болсо төлөп коем деген ниетим бар эле тилекке каршы ал ниетим ишке ашмак түгүл чыгашамды араңдан зорго гана жаап жатам. Өкмөттү жамандагым келбейт, бирок ушундай өкмөттүн барынан жогу. Налокго келгенде ж.б мамлекеттик төлөмдөрго келгенде кичине кечиктирип койсоң куйруктай чубалган пениясы менен кошо төлөтүп алат бул деген өкмөттүн өзүнүн жарандарына кайдыгер мамиле жасап, теңчилдик саясатты жокко эсе дей көрүнөт. Эмне кылып оокат кылышты да билбейсин айла жоктон, арга жоктон мамлекетиңен жөнөкөй жардам болбогон соң бирөөнүн жерине барып мигрантка айланат экенсиң».

-Төө буурчакты тигүүдө жазгы чыгашалар үчүн алгачкы каражатты кайдан аласыз?

«Мен негизинен күзүндө жыйнап алган төө буурчактан 200 кг алып койом анан аны жазында 100 кг сатып айдатканга сепкенге жумшайм жетпегенин колумдагы малды сата коюп же кошумча каражаттан тапкан кирешемди жумшайм».

-Төө буурчактын баасы жогору болушу үчүн ким эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

«Менин оюмча төө буурчакты өткөрүү жагын мамлекет колго алышы керек себеби Талас элинин негизги каржы булагы бул төө буурчак ошондуктан мамлекеттин катышуусу аябай зарыл. Экинчиден айыл чарба министирлиги өзүнүн жумушун так аткарып, дыйкандар менен иштешиши керек бүгүнкү күндө айыл чарба министирлиги жөн гана статистин ролун аткарып калды. Бул министирликти толугу менен же жоюш керек же ошого кеткен каржыны айыл өкмөткө жумшаш керек анан айыл өкмөт дыйкандар менен түз иштеше бермек. Үчүнчүдөн мамлекет тарабынан дыйкандарга алдын ала кандай өсүмдүктөрдү тигүү керек экени алардын болжолдуу баасын айтып, агрокультуралдарды өстүрүү жагынан консультацияларды өткөрүүсү шарт. эгерде мен жогоруда айткан  3-нерсе так жана өз убагында аткарылса төө буурчак ж.б өсүмдүктөрдү  да жогорку баада өткөрмөкпүз».

-Сиз жогоруда айтып өттүңүз кредит алдым деп эми аны кантип жабасыз?

«Кааласам каалабасам да фасолду сатсам сатпасам да кредиттин төгүү мөөнөтү келип калса жабууга туура келет, арга жоктон арзан болсо да фасолду сатып жетпегенин эптеп кутулам да».

Аты жөнүн айткысы келбеген Талас районунун дыйканы:

«Фасольду экениме 20-жылдын жүзү болуп калды мен билгени фасоль боюнча көптөгөн нааразычылыктар, митингдер, пикеттер да болуп өттү бирок фасол боюнча эч кандай  деле мамлекет тарабынан бир системага түшчүдөй майнап чыккан жок. Кыргызстанды негизинен кудай берген өлкө почти баардык жер жемиштер бышат десем болот болгону туура багытка койгон күчтүү аграномдор болсо М: Жамил Акималиевге окшогон мына ушундай кадырлар көп маселени чечмек. Убагында Сталиндин да айтканы бар болчу “Кадры решают все”-деген а бизде кадрлардын кейпин кудай өзү сактасын. Менин таң калганым бизде качан ызы чуу, митинг пикет гана болгондо кыймылдашат алдын ала иштеп тытынып дегендей аракеттер жок».

-Фасолдон башка да айыл чарба өсүмдүктөрүн тиксеңиз болбойбу?

«Албетте болот, бирок дыйкандарга эч кандай кепилдик жок ошо тиккен өсүмдүгүбүз жакшы баа болуп берерине ошондуктан көнүп калган фасольду тигип коебуз».

-Баа саясатын кантип жөнгө салса болот?

«Азыркы учурда негизинен жеке фирмалар ар кандай чет жактан алынып келген агро өсүмдүктөрдү аябай мактап сатууда, а бирок ал агро өсүмдүктөрдүн инструкциясын билбеген соң, мактап жаткан жыйынтыктарга  жетүү кыйын. Ошондуктан мамлекет өзү кепилдик берип агроөнөр жайды жөнгө салуу боюнча тез арада колго алышы абдан зарыл. Өткөндө телевизордон айтып жатат Жамил Акималиев деген аграном- бизде тажрыйбалуу аграном адисттер кызматка келбей тескерисинче коммерсанттар, алдым жуттумдар келип жатат деп. Менин оюмча чөнтөгүн ойлобогон элди жана карапайым дыйканды ойлогон күчтүү адистер келсе агроөсүмдүктөрүбүздү туруктуу баа кое алмакпыз деп ойлойм».

-Фасольдун баасы жөнүндө кимге кайрылдыңыз?

«Кайрылганда эмне? Өкмөт бааны такыр көтөрө албаса жөн эле барып дубалды сүзгөндөй болосуң. Колдорун эч нерсе келбейт, элден түшкөн салыкты короткондон башка».

-Негизинен фасольдон башка деле жер-жемиштер көтөрүлө алган жок го?

«Албетте мен өзүмдүн үлүш жериме помидор тиккем быйыл киласы 10 сомдон ойдөлөбөй койду. Дегеле баардык жер жемиштер аябай арзан болду жана дыйкандардын жаздан баштап күзгө чейин тытынганы такыр акталган жок».

-Эмки жылы да фасоль айдайсызбы?

«Азырынча билбейм бирок ушундай баа болгончо чөп эле сээп койсомбу дейм».

-Айтсаңыз дыйкандардын өзүнөн да күнөө кетип жаткан жокпу? Мисалы, технологиясын сактабай же туура эмес тигип дегендей?

«Андай да болушу мүмкүн жылда эле көтөрүлөт деген үмүт менен тигип келебиз жылды жыйынтык жок. Бирок азыр кээ бир дыйкандар гектарлаган жерлерга алма, алмурут ж.б өсүмдүктөрдү тигүүдө бирок алма өрүктөрдү тигүүдө да өкмөт анализдеп мындай сортту тиккиле анткиле деп айтып турса болмок».

-Өкмөткө дегеле жер жемиштеринин баасын жакшыртыш үчүн кандай сунуш берет элеңиз?

«Сельхоз министерствого мындайча сунушум бар, фасольду өтө эрте жазда айдасаң үшүк алышы мумкун, өтө кеч айдасаң түшүмүн болбой калат, суу аз ичишсе майда болуп калат, чөбүн чаппасан жулуу мумкун болбой калат. Мына ушундай темпте баа менен иштешсе баары жакшы болот мындайча айтканда өз убагында тытынып, рынокту карап, эмне өйдө болот эмне жогору болот дегенсип, дыйкандар менен түз көзмө көз иштешсе иш жылат. Андан тышкары бизде Өкмөттүн өкүлү деген гилтейген миллиондорду жалмаган администрация олтурат, фасольдун баасы төмөн түшсө эле дыйкандар ошол жака арыз муңдарын айтышат а бирок жыйынтыгы нөл эч нерсе чече алышпайт менин оюмча 1-сом бааны көтөрө албаган соң окмөттүн өкүлчүлүктөрүн жою пайдага турмак».

-Кандайдыр бир ассоциация же төө буурчак өндурүүчүлөрдүн бирикмелер түзсөңүздөр болобу?

«Эми андай болуп бириксек абдан жакшы болмок, бирнок тилеке каршы рынок экономикасында ар ким ар тарапка тартып биригуу бир аз кыйынчылыкка туудуруп жаткандай.  Эгер биз чындап эле биригип, иштесек анда иш алга журмөк».

Ороз кызы Анар ашпозчу:

-Айтсаңыз фасольдон жазалган тамак аштарды кардарлар канчалык буйрутма беришет?

«Негизинен мен ар кандай буйрутма менен Кыргызстандын ар кайсы жагына барып, тамак аш жасап турам жана Бишкекте кафе иштетем. Фасольдон жасалган тамак аштарга талап аябай төмөн себеби бизде көп жешпейт. Ал эми Эвропада, Орусияда ж.б көптөгөн өлкөлөрдө деликатестүү тамактардын катарында турат. Негизи фасольдун миңдеген өтө даамдуу рецептери бар мына ошол рецептерди өзүбүз күнүмдүк оокатка колдонсок аябай жакшы болмок себеби фасол этти ж.б көптөгөн калориялуу азыктарды толук алмаштыра алат».

-Канткенде фасолду өзүбүз күнүмдүк тамак аш катары колдонсок болот?

«Бул жерде эл өзү көбүрөөк колдонуп ар кандай өтө даамдуу рецептерди жамап жеп көнө баштасак эле билимбей күнүмдүк тамак ашыбызга кирип кетсе эле өзүбүздүн ички талаптар да жогоруламак».

Даярдаган: Шамиль Мурат