Акталаалык студенттер президенттин колунан стипендия алышты

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мыкты делген студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Аталган стипендияга 160 миң студенттин ичинен 69 студент ээ болушту. Алардын арасынан Акталаалык студенттер да жок эмес. 

Айтсак, Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебин бүтүргөн Аскарова Жибек, жана дагы ошондой эле Кара-Бүргөн айылындагы М.Базаркулов атындагы орто мектебин бүтүргөн Жаңыбаева Асель.

Аскарова Жибек азыркы учурда Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынын Адвокатура жана юстиция факультетинде 4-курста окуйт. Студенттин айтымына караганда стипендияга 3-курсту аяктап жатканда документ тапшырган.

Ал эми Жаңыбаева Асель И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде лингвистика (англис тили) факультетинде 4-курста окуйт.

«Биздин университеттен 17 студент президенттик стипендияга тапшырган. Алардын арасынан 4 студент стипендияга татыктуу деп табылды. Биринчи курска келгенден баштап эле окуума аябай көңүл бөлдүм. Окууну түптөп алгандан кийин окуу менен биргеликте коомдук иштерди дагы чогуу ала кетүүнү чечип, ар кандай конкурстарга, иш-чараларга кызыгуу менен катышып, жакшы жыйынтыктырды көрсөтүп жаттым. Кол өнөрчүлүк, спорт жана билим жаатында университеттер аралык олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап жаттым. Жана ошондой эле 1-курста жакшы ийгиликтерге жетишкендигим үчүн 2-курста университеттин студенттик парламентинин башкы төрайымы болуп шайландым. Жогорудагы жетишкен ийгиликтеримдин негизинде ушул президенттик стипендияга татыктуу болдум деп ойлойм», — деди А. Жаңыбаева

Даярдаган: Муктарова Аймырза