Сүрөтбаян: Кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар күн сайын көбөйүүдө

Ак-Талаа районунун Баетов айылында Балдар Билим берүү борборунда көптөгөн ийримдер ачылып, жаш муундардын өнүгүсүнө өз салымдарын кошуп келишет. Атай кетсек, компьютер, шахмат, комуз, бий, кол өнөрчүлүк, орус тили, англис тили, математика , кытай тили ийримдери үзгүлтүксүз иштеп келишет. Аталган ийримдердин бардыгы акысыз окутулат. Ал эми кол өнөрчүлүккө кызыккан окуучулар күн сайын көбөйүүдө.

Кол өнөрчүлүк ийриминде окуучулар атластык кездемеден жана бисерлерден гүлдөрдүн түрлөрүн, кийизден капчыктарды, сумкаларды, кичинекей кутучаларды жасоого үйрөнө алышат.

Андан тышкары түрдүү боёкторго боёлгон жүндөрдөн портретке ар кандай сүрөттүн элесин түшүрүп жасаганды үйрөнө алышат.

Бул ийримдин мугалими Токтосун кызы Айгерим: «Бул окутуу борборунда 11 жылдан бери эмгектенип келем. Азыркы учурда 12 окуучум бар. Кол өнөрчүлүк боюнча окуучуларым көптөгөн сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп, алкыш баракчаларга татыктуу болуп келишет. Ал эми жасаган буюмдарыбызды сатып алгандар да аз эмес» -деди. «Каалоочулар үчүн дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин ар дайым эшигибиз ачык»,-деп кошумчалай кетти.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан