Жаңы соода борбору элге кызмат кылууда

Баетов айылында жаңы соода борбору ачылды. Бул жерден айыл тургундары заманбап эмеректердин бардык түрүн, жана ошондой эле үй тиричилик техникаларын сатып алууга мүмкүнчүлүк ачылды. 

Эмеректерди сатуучу Алмаз Мусамамбетов: «Биздин район алыскы аймактардын бири болгондуктан, элди аз болсо да арзаныраак товар менен камсыз кылуу биздин эң негизги максатыбыз. Эмеректердин баасы 3500 сомдон 32000 сомго чейин. Күнүнө 20-30дай адам келет. Бизге кардарлардын каалоосу абдан маанилүү. Кардарлардын каалоосуна жараша биз буйрутмаларды дагы алабыз»,-деди.

Ал эми үй тиричилик техникаларынын сатуучусу  Барктабасова Бактыгүл: «Биздин соода борбордон бардык үйгө керектүү нерселерди сатып алууга мүмкүн. Баасы дагы жеткиликтүү. Андан тышкары, «Мол Булак» чакан кредиттик компаниясы аркылуу кардарлар мүмкүнчүлүктөрүнө жараша 3 айдан 18 айга чеийн узартылып төлөө аркылуу (рассрочка) менен алууга мүмкүнчүлүк бар»,-деди.

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан