«Парламент сүйлөйт» сынагы мыкты маданият министрин тандады

127

20-декабрда Суусамыр FM радиосунда «Парламент сүйлѳйт» сынагы болуп ѳттү. Тагыраак айтканда, Суусамыр айылында мектептер арасында маданият министрлери таймашышты. Катышуучулардын даярдыгын радио аркылуу угармандар баамдап турушту.

 

Адаттагыдай эле, катышуучулар ѳздѳрүнүн иш пландары менен тааныштырып, 10 суроодон турган тест, логикалык суроолор берилип, ошондой эле  ѳз таланттарын  кѳргѳзүшөт.

Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Медетбек кызы Аида сынак тууралуу ѳз оюн билдирди:

Негизи эле бул сынак ар дайым калыс ѳтѳт. Үчүнчү сезону болуп жатат, башында кетирген катачылыктарды азыр кѳп кетирбегенге аракет кылып жатабыз. Биздин парламент мүчѳлѳр ѳздѳрүнѳ үч жылдык тажрыйба топтоп, ѳздѳрүн ѳздѳрү дайындаганга жетишип калышты. Себеп дегенде мурда биз мугалимдер ѳздѳрүбүз дайындачыбыз, ал эми азыр окуучулар ѳздѳрү дайынданышып, тажрыйба топтоп калгандыгы байкалды. Бүгүн маданият министрлеринин таймашында ѳзүм алып баруучу болгондуктан, маданият министрери, ѳтѳ татыктуу министрлер экен, себеп дегенде ѳз билимдерин абдан мыкты дэңгээлде кѳргѳзѳ алышты. Ошондой эле калыстар тобу дагы калыстуу баалашты деген ойдомун».

Кадырбек Конушбаев атындагы орто мектептин 11-классынын окуучусу жана 2- орунга ээ болгон маданият министри Жибек Мусулманбекова ѳз оюн билдирди:

«Абдан толкунданып жатам. Мектептин тарбия завучу Абдылдабекова Гульмира эже жана Кулумбаева Айнагүл эже менен даярдандык. Бир ай даярдандым десем болот».

Сынак түз эфирде эки жарым саат болуп, ортосунда музыкалык тыныгуу болду. Жыйынтыгында 1-орунду Сапарбек Мырзакматов орто мектебинин маданият- маалымат министри, 2-орунду Кадырбек Конушбаев орто мектебинин маданият-маалымат министри,  Иманжан Бегимкулов орто мектеби 3-орунга ээ болушту.

Сынактын аягында жеңүүчүлѳр ардак грамотасы менен сыйланышты. Ал эми баалуу белектер менен май айындагы жыйынтыктоочу аземде сыйланышат жана жеңүүчүлѳр КРнын Жогорку Кеңешине маалыматтык турга барып келишет.

Эскерте кетсек, январь айында премьер-министрлердин таймашы өтөт.

Даярдаган: Айтеңир Индусбекова