Окуучуларды сергек жашоого үндөө колго алынууда

Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 8-9-10-11-класстар арасында сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу максатында баскетбол оюну болуп өттү.

Жогоруда аталган оюнду Ш.Бейшеналиев мектебинин мугалими Үмөтов Азамат уюштурду. Командалардын курамында 5 оюнчу болуп, катышуучулар спорттук кийим менен ойношту. Атайын калыстар тобу түзүлүп, жыйынтыгында 1-орунду 10-в, 2-орунду 9-в, 3-орунду 8-б класстын окуучулары ээлешти. Орун алган окуучулар атайын грамоталар менен сыйланышты. Дене-тарбия мугалими Азамат Үмөтов: «Окуучулар арасында ар кандай спорттук мелдештерди өтүп туруу аларды сергек жашоого, ынтымакка, шамдагайлыкка, эрктүүлүккө, гумандуулук жана башка жакшы сапаттарга үндөйт. Ошондой эле, оюндун максаттарынын бири баскетбол оюнун даңазалоо болуп саналат»,-дейт.

Даярдаган: Муктарова Аймырза