Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди

191

Талас  шаардык  драма театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди .

19 – декабрь Талас элдик театрында Тургунбек Бекболотовдун 70 жылдык юбилейи белгиленди. Бул иш- чарага Талас облустук ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жазуучулар  союзунун мүчөлөрү жана мектеп окуучулары менен студенттер катышышты.

Акындын ырларын замандаш кесиптештери окуучуларга, студенттерге маани- мазмунун кененирээк түшүндүрүп, сыймыктануу менен эскеришти. Тургунбек Бекболотовдун ырларын укканган адамга дем бергендей эле болду. Канча ой, канча акыл менен мааниси терең ыр саптары көрүүчүлөргө таасирин тийгизип, Тургунбек Бекболотовдун ырларын  окууга  жана ошондой эле поэзияны сүйүүгө чакырат.

 Иш-чаранын катышуучусу Арсыкан Момунтаева өз оюн билдирип кетти:

 «Ошентип, Байдылда Сарнагоев атындагы сыйлыктын ээси, 8 китептин автору , демократ Тургунбек Бекболотовдун көзү тирүү болгондо 70 жашка чыкмак. Тургунбек Бекболотовго арнап ырымды окуп берейин:

ТУКЕ

Ыймандуу да, сабырдуу салкын эле ,

Ыр сабында ойлору жаркын эле .

Турмушунда жөнөкөй,боорукерлик,

Тургун агай чынында алтын эле…»-деп ырларын айтып кетти .

Нурбүбү Бодошованын айтымында,

«Тургунбек агай чынында бардык жактан үлгү болчу адам эле… Журналисттик болсун, акын болсун, дайыма чырылдаган чындыкты таамай айткан кашкөйлүгүнө суктанам. Агайдын ыр саптары азыркы доорубузду дале болсо чагылдырып келет. Аттиң, балким бул жашоонун жасалма жактары көп экендигине чыдай албай, чын дүйнөгө кетип калдыбы…», -деп билдирди.

Ошондой эле иш- чаранын катышуучусу төмөнкүдөй өз оюн айтып кетти,

«Тургунбек агайдын ырларынан эле таанышып бул иш- чарага катыштым. Агайыбыздын «Кечки ырлар» аттуу китеби бар»,- деди Мээрим Арзыкулова.

Даярдаган: Бермет Жакшылыкова