Т.Кулатов айыл өкмөтүндө таланттуу балдар үчүн комуз, пианино, акардион боюнча ийримдердин ачылыш аземи болду

Т.Кулатов айыл өкмөтүндө айыл аймагындагы жашоочулар үчүн маданият үйүндө комуз, акардион,пианино, гитара аспаптарын үйрөтүү боюнча ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадумаров, айыл өкмөтүнүн орун басары Данияр Көчкөнбаев жана айылдын жашоочучулары ийримдин катышуучулары мектеп окуучулары катышышты. Ийримдин катышуучулары жана ийрим жетекчилери жана Абшыр-Ата айымдары чыгармачылык тобу коруучулорго таланттарын тартуулашты.

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 25-ноябрында айыл өкмөттүн маданият үйүндө Музыкалык аспаптар боюнча ийримдердин ачылыш аземи болуп өттү. Аземге жалпы айыл аймагындагы тургундар катышып, ийримге катышып, жаткан окуучулардын таланттарына күбө болушту.

Т.Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нуридин Мадимаровдун айтуусуна караганда

Биздин айыл өкмөту ЮСАИД долбоору менен ушул ийгиликтуу айыл долбоору иш алып барат. Биз ЮСАИД долбоору менен 2017-жылдан бери ийгиликтүү аймак иштеп келе жатабыз. Мындан мурун ушул жергиликтүү кызмат көрсөтүү доолбоору боюнча иш алып бардык. Азыр маданият тармагы боюнча ошол музыкалык ийримдерди уюштуруу аркылуу маданият тармагын көтөрүүгө аракет жасап жатабыз.Бугун иш-чара өтулду өзунөр көрдунөр.Бул жерде айыл өкмөттөгу өнөрпоздордун окуучулардын арасынан комузга, ыр, бийлерге шыгы бар жана ийримге катышкан окуучулардын концерттик программасына күбө болдуңар.

2) Бул ийримдин келечеги кандай болот?

Бул ийримдин келечеги мына азыр бул проект бизде 5 жыл иштейт. Мындан аркысын биз өзубуз алып кетишибиз керек болот албетте.Бул ото жакшы долбоор. Долбоор озунун ишин аткарып буткондон кийин калган жагын биз озубуз алып кетишибиз керек. Мына бизде маданият уйу жакшы,бардык апаратууралар бар, заманбап кыскасы бизде баардык шарт барда. Мындан бул жагын алып кетуу айыл өкмөттүн маданий кызматкерлерине байланыштуу.

Данияр Кочконбаев
1) Ийримдерди өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөнбү?

Бул ийрим жаны эле башталды. Менин оюмча бул балдар айылдын маданиий иш чараларына активдүү катышып, элге таланттарын тартуулашат. Анан биз бул ийримдердин жетекчилери менен айыл окмоту келишим тузгон.Ошол келишимде корсотулгон.Айыл окмотунун талабы боюнча булар келечекте «Музыкалык мектеп» болоорун пландаштырып жатабыз.

Ачылуу аземдин катышуучулары комуз черткен, гитара менен ырдаган жаш өспүрүмдөрдүн таланттарын көрүп, бул жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, иш-чаранын аягында уюштуруучуларга жана айыл өкмөт башчысына терең ыраазычылык билдирип кетишти. Ийрим жуманын иш күндөрү график менен иш алып барат.Ийрим жетекчилери райондун ар тарабынан келишим менен иштешет.