Кызыл-Ай айылындагы «Биз адам сатууга каршыбыз» акциясы

Базар-Коргон районуна караштуу Сейдикум айыл аймагындагы Кызыл-Ай айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Жалал Асанов атындагы орто мектебинде «Биз адам сатууга каршыбыз» аттуу акция 20-декабрда болуп өттү.

Акцияга райондук администрациянын этностор аралык координациялык бөлүмүнүн башчысы Досов Эмил Исмаилович, райондук билим берүү бөлүмүнөн Дооронкулова Гүлмира баштаган топ келип катышышты.

Мектептин директору Сайтова Токтобү акцияны ачып берди.

Класстан тышкаркы иштерди уюштуруучусу Алима Маматсаеванын айтымында, «Азыркы мезилдеги эң актуалдуу тема болгон адам сатуу боюнча көп иш- чараларды өткөрүп келебиз. Ошол жарыяланган иш чаранын жыйынтыктоочу акциясы бүгүн биздин мектепте болуп өттү».

«Бул акциянын максаты бардык жарандарга, окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болчу. Бизге эмгек жана сүрөт мугалими Акматова Кундуз аябай көмөктөштү. Анткени 1000 окуучусу бар мектептен эң татыктуу, мыкты сүрөтчүлөрдү тандап берди»,-деп билдирди Алима Жакыповна.

«Биз адам сатууга каршыбыз» деген ураан менен окуучулар сүрөттөрдү тартышты.

Бүгүнкү акция балдарга таасир калтырды. Окуучулар тарткан сүрөттөрү бааланып, белектер менен сыйланды.

Даярдаган:  Камбарали кызы Гүлназ