Куу-Майдан: Алп талантка таазим

Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында Ж.Нышанов мектебинде алп жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш чаралар болуп өттү. 4 күн бою Чынгыз Айтматовду даңазалаган ырлар, чыгармалардан үзүндүлөр, концерттер болду.

Иш чарага 1-класстан тартып мугалимдерге чейин баары катышты. 12-декабрь Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата айыл аралап жүрүш болду. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын образын чагылдырып айыл өкмөткө жөө басып келишти. Айыл өкмөтүнүн башчысы Бексултан Ташполот уулу окуучулардын аракеттери үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

Жүрүш аяктаган соң Жапар Нышанов мектебинде Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган концерт болуп өттү. Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата мектептеги жаш мугалимдер да өздөрүнчө концерт койду. Концертке жогорку деңгээлде болуп өттү.

«Быйыл Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өзгөчө болуп өттү. Мектептен айыл өкмөткө чейин барып келдик. 9-класстар тактайчага чыгарманын аттарын жазышып которушту. Артынан каармандар басып, айыл араладык. Айыл өкмөткө барганда айыл башчы чыгып сүйлөдү жана ыраазычылык билдирди. Элвира Садирали кызы, Назима Орозмамат кызы Ч.Айтматовдун чыгармалары жөнүндө маалымат беришти. Мектепке келип окуучуларга концерт коюп берди»,-деп билдирди кыргыз-тил жана адабияты мугалими Ибраим Арипов.

Даярдаган: Айгүл Арапова