Сумбулага жаңы заманбап трактор келди

Сумбула айыл аймагындагы айыл чарба жумуштарын, ички жолдорду оңдоп түзөө үчүн жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында, жаңы заманбап трактору келди. Бул тууралуу Сумбула айыл Өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Дүйшөбай Артыкбаевдин айтымында жаңы келген трактордун наркы 2 млн 610 миң сомду түзүп, Айыл Өкмөтүнүн салымы 652 500 сом. Бул долбоор «Мал чарбасын өнүктүрүү жана базар -2» долбоорунун алкагында жүзөгө ашкандыгын белгилеп, аймактагы дыйкандардын жана жергиликтүү тургундардын көйгөйлөрүн чечүүдө бир топ жеңилдиктерин алып келээрин билдирди. Трактор келгенге чейин Айыл Өкмөт ички жолдорду оңдоодо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда, селден жабыркаган жолдорду ремоттоодо бир топ кыйынчылыктарга дуушар болгон.

Даярдаган: Данияр Исакбаев