Таластык окуучулар так илимдер боюнча кошумча маалымат алышты

147

Талас шаарындагы мектеп окуучуларына так илимдер боюнча презентация өткөрүлүп, бир жума ичинде немис тилин терең үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Бул презентацияга И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин Телематематикалык кафедрасынын доценттери келип өтүштү. Аталган презентация боюнча доцент Бүбүсара Медралиеванын айтымында:

“Биздин максат айыл жергесиндеги мектеп окуучуларынын так илимдер багытындагы жана техникага болгон кызыкчылыкты арттырып, так илимдердин мыйзамдарын кантип туура пайдалануу жолдорун үйрөнүшүүдө. Талас шаарынын он мектебинен экиден окуучу катышты. Балдардын ар кайсыл мектептен келгенине карабай, ортодо жылуу мамиле, түшүнүшүү жана колдоо болгондуктан презентация ийгиликтүү өтту. Балдар бир жуманын ичинде немис тилин үйрөнүшүп, өздөрү долбоор жазууга да жетишишти»,-деп айтты Бүбүсара Медралиева.

Таластагы Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 жалпы билим берүү орто мектебинин окуучусу Акжол Шайбековдун билдирүүсү боюнча:

“Мен 9-класстын окуучусумун, бул долбоордун алкагында бир жумалык окууда мумкун болушунча немис тилин үйрөнүп, электротехника боюнча кеңири маалымат алдым. Бул долбоор мага абдан жакты, кызыгуум артып мындан ары да ар дайым катышууга даярмын»,-деп айтты.

Ал эми 10-класстын окуучусу Сезим Мамбеталиева өз оюн мындайча билдирди:

“Мага да абдан жакты, мурдатан көрбөгөн, укпаган нерселерди, кызыктарды өзгөчө немис тилинде ырдоо жана балдар-кыздар менен достошуу жакты»,-деп билдирди.

Даярдаган: Айнуру Керимбаева