«Айтматов ааламы»- Райондук билим берүү бөлүмүн жыйынтыгы

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ар бир мектепке иш- чаралар түзүлүп, жыл бою өткөрүлдү. Иш- чара мугалимдер жана окуучулар үчүн түзүлүп эң жакшы деңгээлде өттү.

Базар-Коргон райондүк билим берүү бөлүмүнүн окуу усулдук кабинетинин башчысы, кыргыз тили жана адабияты боюнча усулчусу Маматова Жаркын иш- чаранын аткаруу жагын көзөмөлдөп, иш алып барды.

Маматованын айтымында, «Биз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Усеновдун буйругу менен иш- чара иштелип чыгып, бала бакчаларга, мектептерге берилген. Жыл бою ар түрдүү иш чаралар өтүп, бааланып турду. Жер жерлерге барып кечелерди уюштуруп турдук. Ошол кечелерден алынган эң мыктыларын чогултуп жыйынтыктоочу кечени 10-декабрь күнү Базар-Коргон райондук маданият үйүндө өткөрдүк.»

Эң мыкты көркөм окуу сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоодо.

Ч.Айтматовдун элесине арналган спорттук оюндар болду.

Айтматовдун чыгармалары бала бакчаларда.

 

Райондук администрация тарабынан акимдин орун басары З.А.Адышовна эң мыктыларды мактоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады.

Райондук билим  берүү бөлүмү тарабынан мугалимдер жана окуучуларды грамоталар жана профсоюздар тарабынан 10 мугалимге Ысык-Көлгө жолдомолорду беришти.

Ушундай иш чаралар дагы да улантыла бермекчи. Мен өз кезегимде иш чарага катышкан мугалимдерге ыраазычылык билдирем» — деди Маматова.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ