Ооган-Талаа айылында «Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов» аттуу жыйынтыктоо кечеси өттү

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде «Ааламдын алп жазуучусу Ч.Айтматов» аттуу жыйынтыктоо кечеси болуп өттү. 

«Жыйынтыктоо кечеге ата-энелер, мугалимдер, Могол айыл аймагынын жооптуу катчысы Алыбаева Бактыгүл, мектептин окуучулары катышты. Бул кечеге бир жыл бою өткөрүлгөн иш- чаралардын жыйынтыгы, эң жакшы көрүнүш, кинотасма, көркөм окуу, ыр-бийлер коюлду»,- деп билдирди мектеп директору Д.Омузакова.

Мектептин соцпедагогу З.Самидинованын айтымында «Ар бир класска кол өнөрчүлүк боюнча тапшырма берилип Чыңгыз Айтматовдун каармандарын жасоо болгон. Көргөзмөгө коюлган ар бир кол өнөрчүлүк өзүнчө керемет, баары эң жакшы жасалган.»
Окуучулар тарабынан атайын кинотасмалар тартылып, көрсөтүлдү.

10-классынын окуучусу Канат уулу Адилет, 11-классынын окуучусу Алиев Сыймык тарткан кинотасмалары эң мыкты деп саналып сыйлыкка ээ болушту.

Кеченин соңунда мектеп директору Д.Омурзакова эч качан Ч.Айтматов ар бир бөбөктүн, ар бир өспүрүмдүн дегеле кыргызмын деген инсандардын жүрөгүндө сактала бермекчи деди.

Даярдаган: Гүлназ Камбарали кызы