«Ак кептер» Айтматовдун туулган күнүнө карата тасмаларды тартуулады

Бүгүн, 12-декабрь, бул күнү кыргыздын чыгаан жазуучусу Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келген. 2018-жылы мекенибизде жана дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде улуу жазуучуга арналган иш-чаралар болуп өттү.

Жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда Жайыл районунун Кара-Суу айылында “Ак кептер” мультимедиаборборунун ыктыярчылары мектеп окуучуларына Айтматовдун чыгармаларына тартылган мультфильмдерди жана башка тасмаларды тартуулап, көрсөтүштү. Окуучуларга “Маңкурт”, “Бугу эне” мультфильмдери жана “Атадан калган туяк” аттуу тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле мектептин жамаатына жазуучунун чыгармачылыгы жана жашоосуна арналып чыгарылган фотокөргөзмө да тартууланды. Мектептин администрациясы “Ак кептердин” жетекчисине жана ыктыярчыларына ыраазычылык билдиришти.
Даярдаган: Данияр кызы Назик