Андарактын борбордук жолуна жарыктандыруучу лампалар коюлууда

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак, Искра айылдарынын борбордук көчөлөрүнө түнкү жарыктандыруу долбоору ишке ашып жатат. Бул долбоор Лейлек райондук өнүктүрүү фондунун жана айыл өкмөтүнүн каржылоосу астында ишке ашырылып жатат.Сумбула айыл өкмөтүнүн эсепчиси жана долбоордун жетекчиси Бахтияр Жороевдин айтымында, долбоорду ишке ашырууга Лейлек райондук өнүктүрүү фондуна долбоор жазылып, жогорудагы фонддон 350 миң сом, жергиликтүү айыл өкмөтүнөн 100 миң сом акча каражаты бөлүнүп, жарыктандыруу борбордук көчөнүн 3 километрине тартылып, 62 жарыктандыруучу заманбап лампалар коюлат. Бул долбоорго 450 миң сом акча каражаты сарпталат. Бүгүнкү күндө жарыктандыруу долбоорунун 90 % жумуштары аяктап калды.

Даярдаган: Данияр Исакбаев