Андарак айылына бала бакча ачылды

Сумбула айыл аймагындагы Андарак айылында 1-декабрь күнү “Андарак” балдар бакчасы ачылды. Бакча 3 тайпада ачылып, кыргыз, орус, тажик тилдеринде жаш муундарды кабыл алат.Бакчанын директору Сухробжон Эргашевдин билдиришинче бакча курулушу 3 айга созулуп, жергиликтүү тургундардан 1млн,  Сумбула айыл өкмөтүнүн салымы 750 миң сомду түзүп, бала бакча пайдаланууга берилди. Бакчада 13 кызматкер эмгектенет.

Даярдаган: Данияр Исакбаев