Аймактагы мал жандыктардын санын тактоо компаниясы башталды

Сумбула айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык категориядагы чарбаларда малдын жана үй канаттууларынын санын аныктоо, тактоо максатында 2018-жылдын 10-декабрынан 25-декабрына чейин жалпы эсептөө башталды. Жалпы эсептөө кампаниясына айыл өкмөтүнүн адистери, жайыт комитети жана аймактагы ветсервистердин кызматкерлери тартылды.Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Абдураим Джураев төмөнкүлөрдү билдирди:

“Бул эсептөө компаниясына Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, райондук мамлекеттик статистика бөлүмү тарабынан уюштурулган окуу семинар өткөрүлүп, айыл өкмөттүн кызматкерлери ветсервис жана жайыт кызматкерлери атайын окуудан өткөрүлүп, бүгүнкү күндө эсептөө кызуу жүрүүдө.”Джураев малдардын так санын алуу менен 2019-жылга жайыт пайдалануунун планын түзүп, малдарга керектелүүчү ветеринардык дары- дармектерге керектүү план түзөрүн кошумчалады.

Даярдаган: Данияр Исакбаев