Облустук китепканада “Балдар оюн аянтчасы” ачылды

31

Талас облустук Токтогулов атындагы китепканасында жаны долбоор ишке ашууда. Долбоордун алкагында Талас шаарында «Балдарга оюн аянтчасы» Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФтин  колдоосу менен ачылган.

Бул долбоордун максаты бала бакчага барбаган жана үй-бүлөлүк шарты жок балдар үчүн ачылган. Балдар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, ар кандай кызыктуу жомок китептери, оюнчуктар бар. Ошондой эле, балдар ата-энеси менен чогуу өткөргөнгө шарттар түзүлгөн.

Аталган балдар оюн аянтчасы жөнүндө китепкананын адисинин айтымында: ”Бул жөн эле оюн аянтча эмес, төрөлгөндөн баштап 3 жаш чейинки балдардын эрте өнүгүү боюнча аянтчасы деп эсептелинет. Мунун келечеги чоң. Азыркы учурда бала бакчалар жетишпейт, көп балдар үйдө отурушат. Ошондой балдар үчүн бул аянтча ачылган. Бул жерде балдар ойноп жана оюн түрүндө балдардын өнүгүүсүнө жардам берүү”,-деп белгилеп кетти Чынара Оморова.

Балдардын ата-энелери дагы өз ой пикирлерин билдирип кетишти:

“Мен, Тенирбердиева Анипа. Менин кичинекей баламды жана кызымды “Оюн аянтчасына” алып келем. Бул жакта бизге абдан жакты. Балдарым бала бакчага алып барганга шартым жок, ошон үчүн мен бул жакка алып келем. Аянтчада китепканачылар жана биз ата-энелер чогуу балдарды ойнотуп, китептерди окуп берип жана башка ата-энелер менен тарбия жана окутуу боюнча тажрыйба алмашып өтөбүз”,-деп айтып өттү.

4 –класстын окуучусу өз оюн билдирип кетти:“Мен, Урмат кызы Сезим, 4- класста окуймун. Биз бул жакка досум экөөбуз күнүгө келип турабыз. Бул жакта кызыктуу жомоктор окуп беришет жана ар кандай оюндарды ойнойбуз, сүрөт тартабыз, ырларды жаттайбыз жана башка балдар менен маек курганга үйрөнөбүз“.

Даярдаган: Алина Абенова, Ажар Салиева