Мектепте суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери өттү

Сатыбалды Далбаев атындагы гимназия мектебинде мугалимдер үчүн балдар арасындагы суициддин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери болуп өттү.

Чогулушка Базар-Коргон райондук администрациясынан Досов, Райондук аксакалдар кеңешинен, райондук имам катышып, Могол айыл аймагындагы жети мектептин соцпедагогдору катышып, кызуу талкуу болду.

Окуучуларга суицид боюнча туура түшүнүк берүү, ар түрдүү кырдаалдардан чыгуу жолдорун талкуулашты.

Райондук администрациясынан келген Эмилбек Досовдун айтымында: «Азыркы миграция да өз таасирин тийгизип, балдар арасында сагыныч, кусалык да суицидге алып келет. Окуучуларга туура түшүнүк бергиле. Алар менен жылуу мамиледе болуп, окуучунун жүрүм-турумуна көз салып, кандайдыр бир өзгөчөлүктөр байкалса аны менен сүйлөшкүлө»,- деп билдирди.

Жыйналышка келген соцпедагогдор тажрыйба алмашып кетишти.

Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ