Окуучулар аялуу балдарды колдоо акциясына активдүү катышты

65

Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиясында «Аялуу балдарды коргойлу» акциясы башталды. Акцияда жогорку класстын окуучулары өз колу менен жасаган тамактарды сатып, түшкөн акчасын жардамга муктаж болгон үй-бүлөнүн балдарына берет.  «Бул акция директорубуз Базаргүл Рустамованын демилгеси менен, көп жылдан бери декабрь айынын биринчи декадасында уюштурулуп өткөрүлөт. Быйыл да жогорку класстын окуучулары ар кандай бышырыктарды даярдап келиптир. 3-сабактан кийинки 10 мүнөттүк тыныгуу үчурунда даярдалган азыктар сатылып, бир эле күндө 2350 сомдук бышырыктар сатылыптыр. Акция бир жума бою улантылат. Топтолгон каражатты мектептин парламенти менен ата-энелер комитети биргелешип муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына бөлүп берет»,- деп маалымат берди гимназиянын уюштуруучусу Бермет Абдурахманова.  «Окуучуларыбыз даярдап келген тамак-аштарын негизинен мугалимдер эле сатып алабыз. Кээ бир учурда техникалык кызматкерлер да сатып алышат. Өзүнүн окуучусунун колунан жасалган тамакты жеген мугалим үчүн өтө чоң бакыт. 30 чакты мугалим орто эсеп менен 70 сомдук бышырыктарды сатып алабыз»,- дейт Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн Отличниги, физика мугалими  Бактыгүл Абдрасулова. «Өзгөчө уул балдар тамак-аш жасап келгени өтө кубандырат. Анкени гимназист болгондуктан келечекте бардыгы студент болот, азыр жасап үйрөнсө студент болгондо кыйналбайт. 6-класста окуган уулума бутерброд, сэндвич жасаганды үйрөттүм»,- дейт Акыл Эмгегинин маданияты сабагы боюнча мугалим Бакытбек Сапаркулов.  Даярдаган:    Нүргүл Халжигитова