Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга азык-түлүк таратылып берилди

Ак-Талаа районунда 3-декабрь «Бүткүл дүйнөлүк мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө» карата 111 адамга 77700 сомго алынган азык-түлүк таратылып берилди. Бул иш чара райондук маданият үйүндө уюштурулду.

Иш- чара акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, мекеме жетекчилер, жеке ишкерлер жана айыл жашоочуларынын катышуусунда өтүп, жогорудагы топтолгон каражаттын 51500 сомун мекеме ишканалар, 26200 сомун Баетов айылындагы жеке ишкерлер чогултуп беришкендиктери маалым болду. Андан соң райондун маданият кызматкерлери чакан концерт тартуулашты.

Ошондой эле Үгүт айылындагы Муса Баетов атындагы орто мектебинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ар дайым колдоо муктаждыктарын чечүү максатында мектеп парламенти тарабынан «Биз биргебиз» аттуу чакан линейка уюштурулду. Мектеп парламентинин активисти Даниел кызы Гүлнара буларды билдирди: «Биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды дайыма колдошубуз керек, алардын укуктарын сыйлашыбыз керек жана маралдык колдоо көрсөтүп турушубуз керек».

Даярдаган: Жумакадырова Мөөркан