Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата Талас шаарында чоң иш чара болуп өттү

24

Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” аттуу концерти болду.“Айтматовдун ааламы апалар” атуу концерттик программа уюштурулду.

Бүгүн,7-декабрда А.Огонбаев атындагы музыкалык мектебинде Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Чынгыз Айтматовко таазим” аттуу концерти болду. Бул туралуу ”Талас айымдар” коомдук уюмдун жетекчиси Акмат кызы Махабат өз оюн билдирип кетти:

“Бүгүн А.Огонбаев музыкалык мектебинде чоң иш чара болуп жатат. “Талас айымдар” коомдук уюму маданий иш- чара уюштурганбыз, иш- чара өзүнүн этаптары менен бүгүнкү күнгө чейин жүрүп келди. Бул акыркы этабы, бардык шайыр апалардын башын кошуп “Айтматовдун ааламы апалар” деген концерттик программасын уюштуруп жатабыз. Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча көркөм окууларды, монолог жана каармандардын ырлары боюнча ушул концертти берип жатабыз. Негизги максатыбыз Чынгыз агабызды даңазалоо, ушул Айтматов агабыздай чыгаан уул кыздар төрөлсүн деп келечекке кам көрүү жана жакшы тарбиялоо. Бул иш- чара максатына жетти деп ойлоп жатабыз”,- дейт.

Катышуучу Анаркүл Ысмайылова мындай дейт:

“Атабыз Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата ушул маданий иш- чараларды өтүп жатат, биз Талас айымдары май айында баштаганбыз, 12-декабрда Шекер айылына барабыз, менин оюмча бул акыркы иш- чара деп ойлойм. Кыргыз элиме тынччылык каалайм»,- деп жыйынтыктап кетти.

Касымбаева Айжан: ”Иш- чара абдан чоң деңгээлде өттү жана шайыр апалар өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мен өзүмө жакшы пайдаларды алдым десем болот”,- деп айтып өттү

Даярдаган: Ажар Салиева, Абенова Алина