“Биринчи мугалим” билим берүү борбору ачылды

35

Талас  шаарында  “Биринчи мугалим“ билим берүү борбору 2018-жылдын 1-ноябрында  ачылды. Бул  билим беруу борбордун негиздөөчүсү Талгат кызы Жылдыз. Аталган борбор жаш балдарга билим берүү жана жогорку класстарга кошумча сабактарды, кружокторду өткөрүү. 

Азыркы учурда  балдар үчүн математика, бий, кыргыз тили, менталдык арифметика, англис, немис, орус, турк, араб тилдери жана башка сабактар боюнча өткөрүлүп жатат. Аталган билим берүү борборунун катышуучусу Искендер Токтогулов белгилеп кетти:

”Биринчи мугалим“ билим берүү борбору ачылгандан бери, англис тилине катышып жатам, өзүм Талас университетинин студентимин”,- деп билдирди.

“Мен, Нурдин кызы  Сезимай. Англис тилинен үйрөтөм. Менин максатым балдарга жакшы жана сапаттуу билим берүү. Окуучуларга кааларым эң башкысы ден-соолук жана билимге умтулуу”,- деп айтып өттү.

Окуучулардын ата- энелер өз ой пикирлерин билдирип өттү:

“Менин кызым Алина 7- жашта. Ал аябай жакшы бийлейт, ошол себептен “Биринчи мугалимге“ алып келип, кружокко катыштырып жатам. Бул  билим берүү борбору мага жана кызыма абдан жакты. Башка ата- энелерге дагы сунуш кылмакчымын, балдарын катыштыруу боюнча”,- деп билдирди Бердалиева Айганыш.

Даярдаган: Алина Абенова, Ажар Салиева