Сүлүктүдө Кыргыз почтасы билим берүүгө салым кошууда

35

Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын Сүлүктү шаарындагы филиалы билим берүү мекемелери менен кызматташууну арттырып, жогорку класстын окуучуларынын ортосунда дил баян, эссе жазуу боюнча ар кандай сынактарды уюштуруп келет.

 Бүгүн эссе боюнча сынактын жеңүүчүсү деп табылган, №9-гимназиянын 10-классынын окуучусу Канайым Абдигапаровага диплом жана миң сом акчалай сыйлык тапшырды. «Сүлүктү шаары боюнча бардык окуу жайлары менен иштешебиз, өзгөчө гимназиянын окуучулары активдүү катышып, баш байгени утуп алат. Декабрь айынын соңунда дагы бир конкурс уюштурабыз»- деп маалымат берди Кыргыз почтасы ишканасынын Сүлүктүдөгү филиалынын жетекчиси Шайымкул Ражапов.  Даярдаган: Айзада Эркинова