Мектептер арасында эң мыкты билим министрлер аныкталды

36

Суусамыр ѳрѳѳнүндѳ орто мектептер арасында “Парламент сүйлөйт” радио викторинасынын 3-сезонунун 1-таймашы болуп өттү. Бул жылы адаттагыдай эле биринчилерден болуп, 5 мектептин илим-билим министрлери таймашып, татыктуусу жеңишке жетти.

Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин илим жана билим министрин колдоп келген,  11-классынын окуучусу Авазбек кызы Айзат күйөрман катары өз оюн айтып кетти:

“Ар бир радио сынак өзүнун эң мыктыларын тандап алат эмеспи. Ошондой эле бүгүн биз да эң мыктынын мыктысын тандап алдык. Албетте, бирде жеңилүү бирде жеңүү болот. Биз буга эч качан капа болбойбуз. Дагы көптөгөн министрлердин таймашы болот. Аларга дагы мsндан да жакшы даярданганга аракет кылабыз. Албетте, жаңылыштыктар кетти, бирок ага карабастан эң бир мыкты деңгээлде жана так калыс болуп өттү деп айта алам. Ал эми уткандарга кааларым ийгилик, дагы алдыдагы жеңиштерин майрамдап, жакшы күндөрүн өткөрө беришсин. Ал эми утулгандарга кааларым эч качан капа болбошсун, бул жашоонун башталышы гана!”

Конушбаев Кадырбек атындагы Суусамыр орто мектебинин илим жана билим министри Назима Жайдарбек кызы сынак жакшы өттү деген ойдо:

 “Бүгүн 26-ноябрь “Парламент сүйлөйт” таймашы болду. Бул сынак 5 турдан туруп, жакшы деңгээлде өттү. Бардыгы калыстык менен болду. Атаандаштарым да абдан жакшы даярданып келишиптир. Жеңүүчүлөргө ийгилик каалайм.”

Ал эми бул сынактын жеңүүчүсү Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Самудинова Толгонай бул сынак боюнча өз оюн айтып, сезимдери менен бөлүшүп кетти:

“Бүгүнкү сынак мен үчүн абдан сонун өттү. Анткени, кудай буйруп, жеңиш ийгилиги мага жылмайды. Ошол себептен мага абдан жакты. Азыр толкунданып, кубанарымды же ыйлаарымды билбей, бир кызыктай сезимдер болуп жатат.   Атаандаштарымдын бардыгы күчтүү экен, абдан коркуп жаттым. Өздөрүн жакшы деңгээлде көрсөтүп жатышты. Мен ошол учурда абдан толкунданып жаттым, анан жыйынтыгында өзүңүздөр билгендей жеңиш мага жылмайды!”

Сатынбай Карабеков атындагы орто мектебинин тарбия завучу Назима Койчукеева окуучусу менен сыймыктанып, өз ою менен бөлүштү:

“Бүгүнкү радио сынак эң жогорку деңгээлде өттү. Калыстар тобу да туура чечим чыдарды деп ойлойм. Бул 9-класстын окуучусу Самудинова Толгонай мындай иш- чарага биринчи жолу катышып жатат. Бүгүн биринчи орунду алганы туура эле болду. Өзүнүн деңгээлине, даярданганына жана ар бир турга жакшы катышкандыгы үчүн бул орунду алды деп ойлойм. Бул сынакка биз аз эле убакыт даярданганбыз. Бирок бул иш- чараларды мектепте өткөрүп тургандыктан, мунун документтери дайыма дайын. Ар бир иш чара өткөргөн сайын өзүнүн папкасына бардыгын, фото отчётторун, иш пландарын салып турат.”

Эскерте кетсек, бул сынак Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтыкбек Конушбаевдин колдоосу менен быйыл 3-жылы өткөрүлүп жатат. Декабрь айында өрөөндөгү мектептердин маданият жана маалымат министрлери таймашат.

Даярдаган: Назима  Акишбекова