Айтматовдун 90 жылдыгы Нарын районунда мугалимдер конкурсу менен белгиленди

Нарын районуна караштуу Жаңы-Талап айылында 30-ноябрь күнү райондук деңгээлде “Ааламандан алган даңк” темасында мугалимдер арасындагы кароо сынак өткөрүлдү. Конкурска Эмгекчил өрөөнү, 8-март өрөөнү, Куланак өрөөнү, Дөбөлү өрөөнү, Кара-Кужур өрөөндөрү катышты.

Белгилүү жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата ар кандай иш-чаралар өтүүдө, алардын бири “Ааламдан алган даңк” аттуу мугалимдер сынагы. Аталган конкурс 6 номинацияда өтүп өрөөндөрдөн келген мугалимдер күч сынашты.

Жогоруда аталган райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Акматалиевич конкурстун жүрүшү тууралуу буларга токтолду:

“Асанбек Таабалдиев орто мектебинде мугалимдер арасында конкурс өттү. Буга чейин өрөөндөрдүн өз ара таймаштары болгон мыктылары тандалып анан бул жакка райондук турга келишти. Конкурс 6 номинацияда өтүп жатат, жыйынтыгында райондук билим берүү борборунун дипломдору жана баалуу белектери менен 1-2-3-орундарды ээлегендерге сыйланышат. Тема”Ааламдан алган даңк” деп аталган себеби, Айтматовдун ааламга, дүйнөгө белгилүү болгонунун натыйжасы. Мугалимдер мына сценкларды көргөзүп жатышат, байкасак, актерлордон кем эмес аябай жакшы даярданышыптыр”,-деди Белеков.

Ал эми кароо сынактын ар бир номинациясы кызыктуу өткөндөй анткени мугалимдердин Айтматовдун чыгармаларынан образга кирип үзүндүлөрдү аткарып, монологдорду айтып жаткандарынан байкасак болот.

Сынактын катышуучусу Бахтияр сынактын өрөөндүк туруна 10 күн, райондук туруна 15 күн даярданышканын белгиледи.

“Сынак абдан жакшы деңгээлде өттү, бул кароо сынакка биз презентация жана көркөм окуу номинациялары менен келдик, башка командалар дагы абдан күчтүү экен. Катуу даярдык менен келишиптир, бардык катышуулуларга ийгилик кааламакчымын”.

“Өрөөндүк сынакта биз биринчи орунду алганбыз, ошол себептен райондо күчүбүздү сынап жатабыз дейт”,- Амантур уулу Бахтияр.  

Катышуучулар абдан даярдык менен келишкенине күбө болдук, алардын ар бир аткарган ролдору, жасаган куралдары, кийинген кийимдеринен бери оригиналуу болуп кайталангыс таланттарды камтып турганы бизди кызыктырды.

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев