Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Каныбек Исмаилов шайланды

54

Депутаттардын Сүлүктү шаардык Кеңешинин төрагасы болуп Исмаилов Каныбек Арзибекович шайланды.

Депутаттардын бүгүнкү сессиясында жергиликтүү Кеңештин Депутаттарынын ичинен Каныбек Исмаиловдун жана Камал Айтемировдун талапкерлиги көрсөтүлүп, добушка коюлуп, 17 добуш менен Каныбек Арзибекович шайланды. Белгилей кетсек, Каныбек Исмаилов буга чейинки чакырылыштагы Кеңештин төрагасы болуп толук иштеген.  

Даярдаган:  Анварбек Тухтаров