Берекелүү күз майрамы бала бакчада

Терек-Суу айылына караштуу №5 Кызгалдак балдар бакчасында «Берекелүү күз» аталышындагы түшүм майрамы өткөрүлдү.

«Биз №5 Кызгалдак бала бакчасында жыл сайын ушундай «Алтын күз» же «Берекелүү күз» аталышындагы иш- чараларды уюштуруп келебиз. Бул иш- чаранын негизги максаты күздүн кандайдыр бир өзгөчөлүгүн, кооздугун жана берекесин  чагылдырган столдорду даярдап, жаш өспүрүм балдарга тааныштыруу», — дейт балдар бакчасынын тарбия башчысы Назгүл Асыранкулова.

Жогорку тайпанын балдары өсүмдүктөр, жер-жемиштер жөнүндө ырларды айтып, бийлеп беришип өз өнөрлөрүн көргөзүштү.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов