Сүлүктүдө алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү

59

 Сүлүктү шаары боюнча алгачкы жолу профессионалдык деңгээлде ток-шоу өткөрүлдү. Сүлүктү шаарынын вице-мэри Марзия Сапаркулова баш болуп катышкан бул иш чарага милиция кызматкерлери, кесипкөй мугалимдер жана гимназист окуучулар катышты. Ток-шоу Сүлүктүдөгү №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын жетекчилигинде уюшулуп, Баткен телевидениесинин журналисти, үч оператору менен эфирге тартты.  «Гимназиябызда окуучуга терең билим берүү менен ар тараптуу өнүгүүсүнө шарт түзүүнү максат кылганбыз. Билим берүүдө буга чейин окуучуларыбыз Эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен болсо, эми ар тараптуу өнүгүү үчүн дебат клуб, ток-шоу уюштуруп жатабыз. Ток-шоу программасында окуучуга бир эле учурда тарбия берүү менен ой өрүшүн өстүрүүнү, лидерлик сапатын жакшыртууну айкалыштырса болот. Иш чараны мугалим Бакытбек Сапаркулов уюштурду. Бизди ар тараптуу колдоого алып, шарт түзүп берген Сүлүктү шаарынын мэри Абдыназаровго, вице-мэр Сапаркуловага терең ыраазычылык билдиремин»,- дейт директор Базаргүл Рустамова.  «Ток-шоу программасында билим берүү жана тарбиялоо жараянына дебат клубунун салымы жөнүндө болду. Анткени биздин гимназисттер бир жыл бою «Тынчтык демилгелери» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган дебат клуб программасына катышып, Сүлүктү шаары боюнча жеңүүчү болгон. Дебат клубга тандалып алынган гимназисттер, сабактан кийинки мезгилдерде бир жыл ичинда 10 тренингге катышып, 10 дебат клубга катышты. Интеллектуалдык чөйрөдө татыктуу кызматташкандыгы үчүн Тынчтык демилгелери коомдук бирикмесинин адиси Акылбек Абдурахмановго ыраазычылык билдиремин»,- дейт мугалим Бакытбек Сапаркулов.  «Буга чейин Кошбулак мультимедиа борборунда волонтер-кабарчы болуп келгем. Дебат клубга катышып, кошумча билим алгандан кийин мен журналисттик кесипти тандадым»- дейт 10-класстын гимназисти Канайым Абдигапарова.

«Дебат клуб мага ар тараптуу жана терең ойлонууну үйрөттү»- дейт команда башчысы, 10-класстагы Нүргүл Халжигитова. «Сүлүктүдөгү гимназиянын окуучулары менен иштешип жүрүп алардын билимге чаңкап турганына ыраазы болдум. Келечекте көптү үмүттөндүргөн жаштар экен»,- долбоордун адиси Акылбек Абдурахманов.  Даярдаган:  Айзада Эркинова