Кетмен-Дөбө айыл аймагында аба-арайы катаал болууда

Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагында акыркы 20 жылда мындай аба-ырайы катталган эмес дешет Терек-Суу айылынын улуу курактагы тургундары.

Терек-Суу айылынын 60 жаштагы тургуну Урмат Масирбаевге «Бүгүнкү аба-ырайы кандай болуп жатат» деп суроо узатканыбызда төмөндөгүдөй жооп берди:  «Азыр бардык эле нерселер өзгөрүп жатпайбы, ошого аба-ырайы да өзгөрүп жатат окшойт. Кичине кезимде эсимде жок, бирок эс тарткандан бери биздин аймака ноябрь эмес декбарь айынын этегинде барып кар жаачы эле, быйыл башкача катаал аба-ырайы болуп жатат»,- деди айыл тургуну.

Сүрөттөр 2018-жылдын 22-ноябрь күнү тартылган.

Даярдаган: Нурбек Мырсырайымов