«Мен жана менин укугум» радиосериалы жарык көрдү

606

Учурда Кыргызстанда аялдардын укуктары көпчүлүк учурда корголбойт. Көбүнчө аялдар укуктарын билбейт жана бул тууралуу маалыматы аз болуп келет. Бакай-Ата радиосунун жамааты аялдардын укуктары тууралуу маалыматтык радио-сериал жаратты. Жалпысынан 5 радио-сериал, ар бир сериада ар кандай тема камтылган.

 

2018- жылдын июль айынан тарта аялдардын укуктары тууралуу маалыматтык радио-сериалы жазыла башталды. Ноябрь айында радио-сериал эфирге чыга баштаган. Бул формат Кыргызстанда уникалдуу болуп саналат.

Идея Айжамал Кубанычбековага таандык, биринчилерден болуп мындай радио-сериал Талас облусунда “Радиомост” жамааттык радиосунда жазылган. Сериалдардын каармандарынын үндөрүн коштогондор, айыл жергесинде жашаган жергиликтүү эл болду. Сценарист Рамис Темиралиев Талас облусунун активисти, өзүнүн демилгеси менен жардам берүүнү чечкен.

Биринчи серияда, Айнура аттуу каармандын жашоосундагы биринчи кадамдар тууралуу айтылат. Айнура укук-коргоочу болгусу келерин ата-энесине айтат. Бирок, атасы каршылык көрсөтөт. Бул серияда кыздардын окууга болгон укуктары тууралуу айтылат.

Сериалды төмөндөгү шилтеме менен уксаңыздар болот:

Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова