Нарындагы төрт айылдын кезектеги шерине-волейболу өттү

15-ноябрда Куртка айылында 1987-жылкы мырзалар арасындагы кезектеги шерине волейбол оюну болуп өттү. Аталган оюнга Жогорку-Май, Тоголок-Молдо, Куртка (Жаңы-Талап), Ак-Кыя айылдарынан 4 команда күч сынашышты. Оюнду Ак-Кыя айылы уюштурду. Бул салтка айланган шерине волейбол оюунунун эң негизги максаты айылдар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана ден- соолукту чыңдоо болуп саналат. Оюн кызыктуу аяктап, 1-орунду Жогорку-Май 1000сом, 2-орунду Куртка 800 сом, 3-орунду Ак-Кыя 500 сом утуп алышты. Оюндун соңунда ысык тамак уюштурулуп, катышуучулар көңүлдүү отурушту. Оюнду уюштуруучулардын бири Султанкулов Турсунбек мелдеш абдан жакшы деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, оюнчуларга терең ыраазычылыгын айтып, байгеге ээ болгон командаларды дагы-дагы ийгиликтерге ээ болушуна тилектешмин деген оюн билдирди.

Даярдаган: Мөөркан Жумакадырова