Жаштардын ролу туурасында иш-чара өткөрүлдү

215

Жалал-Абад областына караштуу Тогуз-Торо районунда Тилектеш Эл Коомдук Бирикмеси жана райондук администрациясы менен биргеликте 10-ноябрь «Жаштар күнүнө» карата «Тогуз-Торо районунун өсүп- өнүгүүсүндөгү жаштардын ролу» деген аталышта тегерек стол өткөрүлдү.


Бул тууралуу «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин орун басары Айпери Асылбекова билдирди:

«Райондук администрация башчысы аким Айбек Кожошов, бир катар район жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана райондогу активдүү жаштар чогулушту.

Тогуз-Торо районунун калыптанышына, өсүп- өнүгүшүнө зор салым кошкон аталарыбыздын эмгектери эскерилип, учурдун каармандары тууралуу кенен сөз козголуу менен жаштардын өрөөнүбүзгө кошкон салымдары, эмгектери талкууланды. Жыйынтыгында, «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси менен Тогуз-Торо райондук администрациясы кызматташуу меморандумуна кол коюшту”,- деди Асылбекова.

   Даярдаган: Азем Маратова