Жөө жүргүнчүлөрдүн жолу талапка жооп бербейт

Куланак  айылынын борбордук көчөсүнүн жөө жүргүнчүлөрдүн жолу талапка жооп бербейт. Ошол себептен айыл тургундары автоунаалар өтүүчү жол менен басууга туура келүүдө.

Аталган айылдын тургуну Кызылгүл Жолбуновага тротуарлар «талапка жооп береби»деген суроону узатканыбызда төмөндөгүчө жооп берди:

«Куланак айылы негизинен чоң айыл. Жашоочуларыбыз өздөрү тротуарларды жоготуп,  короо кылып тосуп алып жатышат. Бардык айыл тургундары тротуарларды тазалап жана чыгарып коюшса адам өмүрүнө коркунуч жаралмак эмес»,-деди айыл тургуну Кызылгүл айым.

Ал эми Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Тилебек Калмакович бизге берген маегинде айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жаткандыгын белгиледи: 

«Учкун айыл өкмөтүнүн бюджети ченемдүү болгондуктан жөө адамдар басуучу тротуарларды оңдош үчүн көп суммадагы акча каражаты керектелет. Тротуарларга төшөлүүчү асфальттар кымбат турат экен. Ошого байланыштуу тротуарлар оңдолбой келе жатат. 

Биз көп жолу айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, бирок кайра эле тосуп алып жатышат.

Тротуарларга шагылдарын төгүп салып жатышат, биз ал суроо боюнча керектүү органдарга чейин кайрылганбыз. Алар келип төгүлгөн шагылдарды тазалатат.

Эгерде бюджетибизге көп акча каражаты топтолуп калса тротуарлар оңдолот деген ойлорубуз бар», — деп билдирди каарманыбыз. 

Бишкек-Казарман жолу салынганда бул тротуарлар курулган экен. Ошол убакыттан бери капиталдык ремонттон өтө элек экендиги көрүнүп турат.  

Даярдаган: Ырысбай Адамалиев, Гүлшат Бейшекова

«Мыкты макала сынагы үчүн «