Баетов айылында борбордук мечиттин ачылышы болду

8-ноябрь күнү Ак-Талаа районундагы Баетов айылында борбордук мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш азем Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев, Ак-Талаа районунун акими Молдокадыров Нурбек, айыл өкмөт башчы Талантбек Турусбеков, дин кызматкерлери, келген коноктор жана жергиликтүү элдин катышуусу менен өттү. Ачылышты алып барган Кубанычбек Баялиев болду.

Азем Нурбек уулу Талгаттын куран  аяттарын окуусу  менен ачылып, ачылыштын жүрүшүндө имамга, мечиттин архитекторуна, демөөрчүлөргө мечиттин салынышына салым кошкондорго жана башкаларга сыйлыктар, грамоталар тапшырылды. Мечит медресеси менен, ошондой эле бардык шарттар түзүлгөн. Аземден кийин муфтийге, казыга, имамга, келген конокторго жана айыл тургундарына сый тамак берилди. Бир жылкы, бир кой союлуп, эт тартылды. Мечиттин ысымы улуу сахаба «Абу Бакр Сыддык» атынан коюлду. «Мечиттин материалдык жагын араб туугандарыбыз камсыздап берди. Ал эми руханий жагын намаз менен, куран менен, зикир, орозо, садака менен,жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу менен жандандыруу сиздерсиздер» — дейт муфтий Максат ажы Токтомушев.

Даярдаган: Муктарова Аймырза