Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган концерт

Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган концертке айыл тургундары күбө болушту. Концертке Ак-Талаадан чыккан таланттуу алып баруучу, куудул Жакут Сыдыков алып баруучу болуп, элдин көңүлүн көтөрдү.

Ошондой эле Ак-Талаадан чыккан таланттар Токтобүбү Черикчиева, Наргиза Абдраева,Сайра Момунбаева, Бакыт Мамаев, Ширин Абдрахманова, Сырга Сагынбекова, Гулянда, Кенже Касмалиева, Токтобүбү кызы Уулкелсин жана башка ырчы, аткаруучулар белгилүү болгон туулган жерге арналган  жана башка ырларды аткарып беришти. Аткаруучулар айыл тургундарын 90 жылдык мааракеси менен куттукташып, концерт кызыктуу өттү.

«Концерт абдан жакшы болду. Маанайыбызды көтөрүп үйгө кайттык. Атайын келип концерт коюп жаткан Ак-Талаанын таланттарына ыраазычылыгымды билдирем. Айылыбыздын, өлкөбүздүн атын алыска чыгарган атактуу инсандардан болушунарга тилектешпиз»- дейт Баетов айылынын тургуну Курманбекова Фарида.

Даярдаган: Муктарова Аймырза