Баетов айылына 90 жыл!

6-ноябрда Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Султангазиев атындагы маданият үйүндө Баетов айылынын 90 жылдыгына арналган чогулуш болуп өттү.

Баетов айылы тууралуу айта кетсек айыл областтын борборунан 120 чакырым, Балыкчы темир жолунан 310 чакырым, Республиканын борборунан 490 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдын аймагынын аянты 124852 чарчы чакырым. Деңиз деңгээлинен 2000 метрден ашык бийиктикте турат. Баетов айыл округунун аймагында 3 орто мектеп, 1 балдардын билим берүү борбору, 1 балдардын музыкалык мектеби, 1 балдар спорт клубу, 5 балдар бакчасы, 1 маданият үйү, 2 клуб, 1 борборлоштурулган китепкана, 1 айылдык китепкана, 1 кесиптик техникалык окуу жайы, 1 аймактык оорукана,  1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 7 дарыкана, 1 парк, 1 тарых музейи, 3 базар, 40тан ашык дүкөндөр, 18ден ашык мончо, 1 кинотеатр, 1 РСК банкы, 1 Айыл банкы, 1 Финка,  Компаньон, Бай түшүм банктар бар.1 БСР , 3 жыгач иштетүүчү цех, 12 тегирмен, 3 песка блок чыгаруучу ишкана, 4 май куюуучу жай, 3 машина оңдоочу СТО, 60тан ашык мекеме ишканалар эл үчүн кызмат кылууда.

Чогулуш Баетов айылы жөнүндө атайын даярдалган видео көрсөтүү менен башталып, жергиликтүү өнөр адамдары Баетов айылынын түзүлүү тарыхын театралдаштырып көрсөтүп беришти. Андан соң Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары Баетов айылына арналган ырларды айтышты. Чогулуш Жогорку Кеңештин төрагасы Жумабеков Дастан Артисбекович, Жогорку Кеңештин депутаттарына ыйгарым укуктуу өкүл Аманбай Кайыпов, Ак-Талаа районунун акими Нурбек Молдокадыров, Баетов айыл өкмөтү Талант Турусбеков жана ошондой эле айылдын түптөлүшүнө чоң салым кошкон инсандар, демөөрчүлөр, айыл ак сакалдарарынын жана жергиликтүү элдердин  катышуусу менен болуп өттү. Чогулуштун жүрүшүндө куттуктоо сөздөрү айтылып, сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле 90 жылдыкта үйлөнгөн 9 жуптун сахнада нике күбөлүктөрү тапшырылып, каалоо-тилектерди айтышты. Баетов айылынын тургуну, ишкер Чымбаев Көчкөнбай өзүнө тийиштүү акционердик коомдун имаратын бала бакча кылууга жана Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кайынды-Булак айылындагы өзүнө тиешелүү имаратты мектеп кылууга, «Кызыл-Ай» коому райондун тургундарынын саламаттыгы үчүн мерседес «Спринтер» үлгүсүндөгү машинаны белекке берди. Ошондой эле айылдын 90 жылдыгына карата Баетов айылынын Дөрбөлжүн аянтында жайгашкан саат жайгашкан аянтчанын ачылыш болду. Чогулушта аким Н.Молдокадыров өзүнүн куттуктоо сөзүн мындай деп  билдирди: «Биримдик менен ынтымакты туу туткан урматтуу Баетов айылынын күжүрмөн калкы. Сиздерди  айылыбыздын 90 жылдык мааракебиз менен чын дилибиз менен куттуктайбыз. Ынтымак, ырашкерчидик, биримдик жана бийиктикти каалаймын».

Баетов айылы тууралуу маалыматтар Мыктыбек Апилов тарабынан түзүлгөн Ак-Талаа районунун энциклопедиясы» китебинен алынды.

Даярдаган: Муктарова Аймырза