Көзү азиздер үчүн кайрымдуулук концерти

Ноокат районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде кайрымдуулук концерт өттү. Ал концерт көзү азиз адамдар үчүн  уюштурулган.

Фонд тарабынан уюштурулган бул концерт ар кайсы облустарга, райондорго,  жеткиликтүү айылдарга барып өз өнөрлөрүн көрсөтүп жатышат. Ырдаган катышуучулар ар кайсы жерлерден топтолушуп келишкен.

Ырлары жагымдуу, өнөрлүү аткаруучулардын талантына суктанган эл, аларды аябай колдоп беришти. Аткаруучулар атактуу эстрада ырчыларынын ырларын ырдашты.  Айрыкча баарына жакканы, көзү азиз кыздын ыры баарын таасирлентти.

Алып баруучу ар кандай тамашалуу оюндарды окуучуларга ойнотуп элдин көңүлүн көтөрдү. Ыраазы болгон эл аткаруучуларга өздөрүнүн гүлдөрүн тапшырышты.

«Бул концерт абдан жакшы өттү. Биз өтө жакшы маанайда турдук, алардын аткаруучулук талантына аябай таасирлендик»-деп белгилеп кетти 11-класстын окуучусу Зарина Абжапарова.

Даярдаган: Эльвира Садирали кызы