Органикалык азык-түлүктɵр жарманкеси өттү

42

Бишкекте 25-октябрдан 27-октябрга чейин жыл сайын ɵтүүчү Кыргызстандын органикалык кыймылынын BIO-KG федерациясы, жергиликтүү компаниялар жана фермерлер тарабынан өндүрүлгөн натуралдык азык-түлүктөрдүн көргөзмө-жарманкесин өткөрдү.

7- ирет ɵтүп жаткан бул жарманкеде аймактардан келген фермерлер тарабынан ɵндүрүлгɵн табигый кошулмасыз азык-түлүктɵр жана кийим-кечектер коюлган.

Бул продукцияларда химиялык кошулмалар жок жана даамы жакшы экенин адистер  белгилешти.


Ошондой эле даамы жана баасы жагынан айырмаланып турган уй кымызын даамдап, сатып алууга мүмкүн болду. Аны даярдоо үчүн бир канча убакыт туруп калган жылкынын, уйдун сүтү жана табигый булак суусу пайдаланылат.

Мында туура тамактануу, ден- соолукка кам кɵрүү боюнча пайдалуу кенештер айтылып, мастер- класстар кɵргɵзүлдү.

Иш чаранын башкы максаты- ден-соолук, таза табигат, чынчылдык, камкордук.

Даярдаган: Айсулуу Нурматова, Аяна  Орозбекова