Комуз ийрими ачылып, мектеп окуучулары катышып баштады

Нарын районунун Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде кыргыздын улуттук баалуулугу болгон комуз ийрими ачылды. Кружокко мектеп окуучулары катышууда. Биз бул иш чара тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн кружокко баш бакканыбызда, айыл тургуну Кундуз Салымбекова жаш таланттарга комузду чертүүнү үйрөтүп жаткан экен. Ал бизге төмөндөгүлөрдү баяндап берди:

«Мен Кундуз Салымбекова Куланак айылынын тургунумун, мектепте комуз кружогунан берген мугалим болом. Ушул жылдын сентябрь айында комуз ийрими ачылган. Азыркы учурда 25 окуучу катышып, күүлөрдү чертүүнү үйрөтүп жатам. Ал эми үйрөнгөндөрү үчүн айына 250 сомдон төлөшөт. Буга ата-энелери каршы болгон жок. Бул кружокко тандалган гана балдар катышууда. Алардын комузга болгон шыгына, угуу сезимине жараша тандап алганбыз. Эгер арасынан эң жакшы комузду черткендери чыкса өрөөндүк жаш таланттар конкурсуна жиберебиз деген үмүттөбүз. Негизи бул комуз ийримин ачууну көптөн бери эңсеп келгем. Ата -бабаларыбыздан калган ыйык аспабыбызды бизден кийинки муундарыбыз аздектеп сактап калышса деген ойдо элем. Менин бул максатымды ишке ашырууда музыка сабагынан берген мугалимибиз Жумагүл Өмүрова көмөктөштү» -деп баяндады. 
Андан соң окуучулардын бирине суроо узатканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

«Мен Бермет Дүйшөналиева Аралбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусумун. Азыркы учурда комуз ийримине катышуудамын, бул ийримге катышканымдын себеби көп жылдан бери кызыгып келем. Комуз бул биздин ата -бабаларыбыздан калган ыйык мурас. Азыркы учурда комузду черткендер арбын гана, ошондуктан мен бул кружокко катышып, чет жерлерге барып Кыргызстанды тааныткым келет»-деп өз оюн билдирди.


Башка окуучуларгада суроо бергенибизде Наят өз оюн төмөндөгүдөй билдирди :

«Мен Наят Бакытбекова Аралбаев атындагы орто мектебинде 5-классынын окуучусумун. Азыркы учурда комуз ийримине катышуудамын, комуз бул биздин ыйык аспабыбыз, ар дайым барктап, сактап калуу биздин милдетибиз деп ойлойм. Менин бул ийримге катышуума ата-энем каршы болгон жок. Тескерисинче колдоп, макулдугун беришти. Кечекте көптөгөн ийгиликтерди багындырам деген ойдомун. Ийгиликтер дагы алдыда эмеспи, убакыт баарын көрсөтөт» -деп өз сөзүн аяктады.

Даярдаган: Сайкал Эрнисбек кызы