Адам сатууга каршы жолугушуулар уюштурулууда

2018-жылдын 10-сентябрынан баштап БУУ, Кыргызстан жаштар уюму жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү биргеликте «Адам сатууга 100 күн» акциясын уюштурушкан . Акцияда жер жерлерде ар кандай конкурстар, флешмоб, дебат, конференциялар,  спорттук мелдештер, маалыматтык жолугушууларды өткөрүп, 2-ноябрь күнү «Нарын жаштар ордосу» Ак-Талаа районунун Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин жана Э.Карасартов атындагы орто мектебинин 10-11-классынын окуучулары менен маалыматтык жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун маани-максаты  адамдарды сатуунун алдын- алуу жана ага каршы күрөшүү. Анда окуучулар менен пикир-алышуулар жүрүп, активдүү катышкан окуучуларга белектер берилди. Ошондой эле адам сатуу тууралуу маалыматтар берилип, бул кылмыш экендиги тууралуу түшүндүрүүлөр жүрдү. «Нарын жаштар ордосунун» кызматкери Алтынай Ибраимбекова адам сатуунун 5 түрү жөнүндө кенен маалымат берди. Алар:

  1. Кулчулукка сатуу
  2. Органдарды сатуу
  3. Балдарды сатуу
  4. Кайырчылыкка мажбурлоо
  5. Мажбурлоо никеси.

«Эгерде чет өлкөгө чыга турган болсоңор, туура маалыматарды топтоп, элчилик менен тыгыз байланышта болушуңар керек жана эмне үчүн чет өлкөгө бара жатканыңар тууралуу жакшы ойлонушуңар керек» -дейт Алтынай Ибраимбекова. Ошондой эле «Справочник мигранта» тиркемеси тууралуу айтып беришти. Эске салсак, мындай аталыштагы акция биринчи жолу республиканын аймагында 2017-жылдын 31-июлунан баштап жыл аягына чейин Ош, Баткен, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарында эстафета катары уюштурулган эле.

Даярдаган: Аймырза Муктарова