Түңкатар уулу Бактыгул атындагы ат майдандын ачылыш аземи болду

27-28-октябрь күндөрү Нарын районунун Жерге-Тал айылында Түңкатар уулу Бактыгул атындагы ат майданынын ачылыш аземи болуп ѳттү. Түңкатар уулу Бактыгул айылдын чоң улакчы жана балбан адамы болгон.


Ѳтүлгѳн ат майдандын ачылыш аземин колго алган Кадыракун Эркинбаев тѳмѳнкүлѳргѳ токтолду: «Биздин ат оюндарыбызда демѳѳрчү болгон Дѳѳлѳтбак мырза болгон. Бул ат оюндарына салым кошкондор кѳп болду. Айылыбыздын тургундары кайдыгер карабастан колунан келген жардамдарын кѳрсѳтүштү. Чогулган акчанын саны элүү миң сом жана ошондой эле кой-козунун саны отуз беш баш болду. Мындан сырткары, тай казан үчүн кеткен каражатты Кум-Бел компаниясы каржылады, ошондой эле улактын баш байгесине жыйырма миң сомду Кулмат Асанбай уулу кошумчалады».

Жерге-Тал айылынын тургуну Рысбек Дүйшеев кайрылганыбызда ат майданы тууралуу ѳз оюн билдирди: «Бул ат майдандын ачылыш аземи абдан жакшы ѳттү. Жерге-Тал айылынын тургундарына жана ошондой эле уюштуруучулар менен демѳѳрчүлѳргѳ терең ыраазычылыгымды билдирем».


Бул ат оюндарынын арасынан кѳк бѳрү оюнунда:
1-орунду Эмгек-Талаа айылы
2-орунду Жалгыз-Терек айылы
3- орунду Мин-Булак айылы ээлеп, катышкандарына ыраазы болуп, кѳнүлдүү кайтышты.

Даярдагандар: Сапарбекова Айжамал, Сүйүнбек кызы Мырзайым