Мектеп ичинде видео байкоо орнотулду

2018-2019- окуу жылынын башталышы менен, Жерге- Тал айылынын тургундары мектептеги коопсуздукту камсыздады.


Ѳз айылынын патриоту, коомдук активисттин демѳѳрчүлүгү менен Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебине бештен ашуун видеокамералар, мектеп администрациясы керектүү деген жерлерге коюлду. Бул камералар эң жогорку сапатта. Камераларды кѳзѳмѳлдѳѳ үчүн биринчи кабаттагы кабинетке монитор орнотулган.
Камералар жѳнүндѳ толук маалыматты мектеп директору Сманбаев Баатырбек Аманович тѳмѳнкүлѳрдү билдирди:

«Заман ѳзгѳрүп, илимий техниканын ѳнүгүүсү менен, балдардын коопсуздугун жана кылмыштуулукту алдын- алуу максатында чоң иштер жазалды. Жалпы суммасы 25000 сомду түзгѳн камералар айылдын тургуну, жеке ишкер Ѳмүркулов Сынчынын демѳѳрчүлүгү менен коюлду. Бул мектеп үчүн ѳтѳ жакшы жаңылык болду.»

Ушул эле мектептин 11- классынын окуучусу Нурай Эсенгулова камералар жѳнүндѳ тѳмѳндѳгүлѳрдү билдирди:
«Менин оюмча, камералардын коюлганы, мектептеги тартипке ѳтѳ чоң таасирин тийгизет. Себеби, балдар арасындагы рекетчилик, тартип бузуу жѳнгѳ салынууда. А бирок, тѳмѳнкү класстардын окуучулары, камералардын бар жогун унутуп калышууда.»

Тартипти темирдей сактоо ѳлкѳбүздүн ар бир атуулунун милдети эмеспи. Андыктан биз, Жерге-Тал айылынын патриот жигитине демѳѳрчүлүгү үчүн, терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бул кадам, ѳсүп келе жаткан жаш муунга чоң үлгү болуп калмакчы!
Даярдагандар: Акинова Бактыгүл, Сейит кызы Акылай