Мектеп окуучулары өз билимин текшеришти

«Нова» билим берүү мекемеси 25-октябрда окуучуларды жалпы республикалык тестке даярдоо максатында тест жүргүзүштү. Тест Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде өттү.  Ага Ак-Талаа районундагы мектептердин 10-11-клаассынын окуучулары катышышты.

Бул тест окуучулардын өзүн текшерип көрүүсүнө чоң шарт түзүп берди. Алгач окуучулар шарттар менен таанышып, берилген убакытта тапшырмаларды аткарууга киришишти. Андан соң тесттин жыйынтыгы чыгарылып, окуучуларга кайсы сабактан канча упай алгандыгы тууралуу жана кайсы сабактардан даярдануу керектиги тууралуу айтылды. Тесттен өткөндүгү үчүн ар бир окуучу 150 сом акча каражатын төлөштү.

«Нова» билим берүү мекемесинин администратору Аманкулов Азамат: «Биздин максатыбыз балдарды жогорку республикалык тестке  даярдоо. Ар бир районго барып тест алып жатабыз. Буга чейин биз Кочкорго, Жумгалга барып тест алдык. Эми Ат-Башы, Нарынга барабыз. Жалпы республикалык тесттен сырткары 5-10-класстар үчүн дагы чейректик тесттерди алабыз. Биз окуп жүргөн убакта тест тапшырып, бирок жыйынтыгын укпай калчубуз, же бизге канча упай алганыбызды гана айтышчу. Ошондон улам биз жыйынтыгын тест бүтөөрү менен чыгарып беребиз жана ар бир окуучуга кайсы сабактан канча упай алгандыгын толугу менен тактап беребиз», дейт. Ошондой эле «Нова» билим берүү мекемеси курстарды жарыялай кетти. Эки жумага 2000 сом менен жалпы республикалык тестке дардоо курстарына катышса болот.

Даярдаган: Байтерекова Алтынай, Муктарова Аймырза